Китеп КГ RSS Feeds - Все https://kitep.kg/en/rss/category/Все-книги Китеп КГ RSS Feeds - Все en Copyright 2024 Kitep KG - All Rights Reserved. Кыргыз тилинин стилистикасы https://kitep.kg/en/kirgiz-tilinin-stilistikasi-20 https://kitep.kg/en/kirgiz-tilinin-stilistikasi-20

✔ Price: 300

Бул окуу китебине буга чейин автордун кыргыз тилинин стилистикасы боюнча жазган 4 китеби 2 томдукка топтолду. Мына ошол 4 китеп төмөнкүдөй жайгаштырылган: Стилистиканын жалпы маселелери 1-китепте, фонетикалык, сөз жасоо жана лексикалык стилистика 2-китепте, морфологиялык жана синтаксистик стилистика 3-китепте, функционалдык стилдер 4-китепте берилген.

Студенттерге, мугалимдерге, илимпоздорго жана тил илимине кызыккан окурмандарга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 16:20:58 +0600 KITEP.KG
Финляндия страна белых лилий https://kitep.kg/en/finlyandiya-strana-belikh-liliy-19 https://kitep.kg/en/finlyandiya-strana-belikh-liliy-19

✔ Price: 200

Книга "В стране белых лилий" посвящена Финляндии. В ней рассказывается о том, как этой маленькой стране, расположенной среди болот и скал, бедной полезными ископаемыми, удалось подняться из нищеты, создать идеально устроенное общество в экономическом, политическом и культурном плане. Это произошло, по мысли Петрова, благодаря беззаветному энтузиазму жителей страны, “созидателей жизни”, неустанных работников и просветителей. Собственно говоря, вся книга исполнена восхищения этими людьми, финскими гражданами и патриотами.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 16:05:10 +0600 KITEP.KG
Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр https://kitep.kg/en/өlkөnү-өnүktүrүүchү-өzgөchө-өrnөktөr-18 https://kitep.kg/en/өlkөnү-өnүktүrүүchү-өzgөchө-өrnөktөr-18

✔ Price: 200

Жашоосун жакшырткысы, өлкөсүн өнүктүргүсү, жакшы адам болгусу келгендерге жан жолдош жана жардамчы китеп. “Китеп.kg” басмасынын “Заманбап педагог” деген сериясынан сырткары “Таасир” сериясы да иштеп жатат. Бул таасирдүү китеп мына ошол сериянын алкагында жарык көрдү

]]>
Tue, 09 Apr 2024 16:02:02 +0600 KITEP.KG
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы https://kitep.kg/en/bir-өlkөnүn-өnүgүү-tarikhi-17 https://kitep.kg/en/bir-өlkөnүn-өnүgүү-tarikhi-17

✔ Price: 350

Ичине бир өлкөнүн өнүгүү тарыхындагы сырларды камтыган бул баалуу китеп талашка түшүп окулуп жатат. Снелмандын өзгөчө таасирдүү аракет-эмгектери жакшы жашагысы келген ар бир адам үчүн абдан зарыл тажрыйба. „Ак лилия гүлдөр өлкөсү“ дешкен бүгүнкү өнүккөн Финляндия мамлекетинин татаал учурларды жеңип чыккан тарыхы мыкты окуялар аркылуу жеңил тил менен жеткиликтүү берилген.
Мамлекеттик кызматкерлерге, өлкөсүн, үй-бүлөсүн өнүктүргүсү келгендерге, жашоону жакшыртууну эңсегендерге, мекенчил сезимдеги ар бир окурманга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:57:46 +0600 KITEP.KG
Салыштырба сындырасын https://kitep.kg/en/salishtirba-sindirasin-16 https://kitep.kg/en/salishtirba-sindirasin-16

✔ Price: 200

«Салыштырба, сындырасың!» китеби тарбияга багытталган. Китепке автордун электрондук дарегине, ватсап номерине жана тренингдеринде түз келген суроолорго берилген жооптору, сунуштары, каалоолору жана тарбияга багытталган макалалары киргизилди. Китеп мыкты мугалим, үлгүлүү ата-эне болгусу келгендерге арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:54:48 +0600 KITEP.KG
Ийгиликтүү инсан күндөлүгү https://kitep.kg/en/iygiliktүү-insan-kүndөlүgү-15 https://kitep.kg/en/iygiliktүү-insan-kүndөlүgү-15

✔ Price: 290

Мугалимдер үчүн жумушуна абдан ыңгайлуу колдонмо блокнот.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:45:42 +0600 KITEP.KG
Хайди https://kitep.kg/en/khaydi-14 https://kitep.kg/en/khaydi-14

✔ Price: 300

Китепте тоо койнунда эркин ойноп өскөн өспүрүм кыз Хайдинин жашоосундагы оош-кыйыш окуялары чагылдырылып, анын таза абалуу өрөөндөгү чоң атасы менен өткөргөн жана шаардагы кыйынчылык турмушту көргөн мезгили баяндалат.
Абдан кызыктуу жазылган бул китеп ар бир окурманга өзгөчө таасир калтырат. Жакындарын, жакшылыкты, достукту баалоого жана табият менен таттуу мамиледе болууга үндөйт. Жашоодогу кыйынчылыктардан жыргалчылыкты таба билүүнү үйрөтөт.
Бардык окурмандарга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:41:00 +0600 KITEP.KG
Мектеп ханышасы https://kitep.kg/en/mektep-khanishasi-13 https://kitep.kg/en/mektep-khanishasi-13

✔ Price: 250

Талашка түшүп окулган бул бестселлер кыргыз тилинде биринчи жолу жарык көрдү. Окугандарды жашоого шыктандырып, туура жол кайсыл экендигин жеңил табууга жардам берет.
Жаштарга, мектеп окуучуларына жана жалпы окурмандарга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:38:29 +0600 KITEP.KG
Кызыктуу жомоктор https://kitep.kg/en/kiziktuu-zhomoktor-12 https://kitep.kg/en/kiziktuu-zhomoktor-12

✔ Price: 250

Балдарга гана эмес чоңдорго да керектүү жомоктордон турган бул китеп ар бир инсанга пайдасын тийгизет.
Калктын калың катмарына арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:32:47 +0600 KITEP.KG
Эң мыкты адам https://kitep.kg/en/eң-mikti-adam-11 https://kitep.kg/en/eң-mikti-adam-11

✔ Price: 200

Эң мыкты адам болгусу келгендер көп. Башкаларга жарыгын чачкан, адамзаттын ажатын ачкан адамга айлануу кандай гана сыймык. Жакшы адамдар жакшы адам болгондугуна сыймыктанышпайт, алар андай мактанычтан өйдө көтөрүлүп өскөн инсандар болушат. Мына ошол эӊ мыкты адам даражасына көтөрүлө алуу чынында бактылуулук. Себеби ошол жол аркылуу Улуу Жараткандын да ыраазылыгын табууга болот.
Бул китепте 3 бөлүм бар. Мазмунда көрсөтүлдү. Жашоонун баркын билип, бактылуу өмүр сүрүүнү каалаган ар бир окурманга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:29:14 +0600 KITEP.KG
Урматтуу душманым https://kitep.kg/en/urmattuu-dushmanim-10 https://kitep.kg/en/urmattuu-dushmanim-10

✔ Price: 200

Дүйнөлүк бестселлер катарын толуктаган бул китеп кыргыз тилине биринчи жолу которулуп, «Китеп.kg» басмасы тарабынан жарык
көрүүдө.
Аталган басмадан буга чейин да бир нече дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармалары кыргызчаланган. Жин Вебстер - америкалык жазуучу. Үй-бүлөдө Энни Вебстер жана Лютер Вебстердин улуу кызы болгон. Китепте балдар үйүн өз көзөмөлүнө алууга мажбур болгон кыздын жашоосу абдан таасирдүү баяндалат. Ага бул милдетти аркалоо алгач кыйынга турган, бирок убакыттын өтүшү менен балдар анын жашоосунун бир бөлүгүнө айланып эле калбастан, өз бактысын табууга да себепкер болгон. 

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:26:09 +0600 KITEP.KG
Атактуулардын ийгилик сырлары https://kitep.kg/en/ataktuulardin-iygilik-sirlari-9 https://kitep.kg/en/ataktuulardin-iygilik-sirlari-9

✔ Price: 200

"Атактуулардын ийгилик сырлары" китеби дүйнөгө белгилүү миллионерлердин, аалымдардын, спортчулардын, дегеле атактуу инсандардын ийгилик сырлары, учкул сөздөрү, жашоо эрежелери, кызыктуу маалыматтар камтылган дем-күч берүүчү (мотивациялык) китеп болуп саналат.

Ийгиликке жетүү үчүн эң негизгиси позитивдүү маанайда жүрүү керек. Аны эске алып, улуу инсандардын маанай көтөрүүчү тамашалуу сөздөрүн да китептин акыркы бөлүмүнө киргиздик.

Бул китеп сиздер үчүн караңгыда жол табууга шам чырак.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 15:22:34 +0600 KITEP.KG
Жанетта https://kitep.kg/en/zhanetta-8 https://kitep.kg/en/zhanetta-8

✔ Price: 200

Бул котормо китептеги абдан кызыктуу окуя Италиянын Алп тоолорунда башталып, Ирландиянын жашыл дөңсөөлөрүндө уланат. Негизги каармандын тагдыры да кескин өзгөрөт: таякесинин үйүндө анын эсебинен жашаган бечара кыздын абалы алмашып, аристократтын сүйүктүү кызы Жанеттага айланган...
Атактуу ирландиялык жазуучу Роза Малхолланд (1841- 1921) жазган ушул сентименталдык повесть таланттуу жетим кыз жөнүндө дүйнөдөгү керемет чыгармалардын бири.
Мектеп окуучуларына гана эмес, жашоосун жаркын кылып өзгөртүүнү өздөштүргүсү келген жалпы окурмандарга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 13:52:48 +0600 KITEP.KG
Жомоксуз өткөн балалык https://kitep.kg/en/zhomoksuz-өtkөn-balalik-7 https://kitep.kg/en/zhomoksuz-өtkөn-balalik-7

✔ Price: 200

Илиястын балдар үйүндөгү тагдыры, башынан өткөргөн окуялары окурмандарды ойго салат. Тили абдан жөнөкөй, окууга жеңил жазылган. Коомдогу чоң бир социалдык теманы ачыктаган бул чыгарма өмүрдү баалоону, бакыт үчүн күрөшүүнү, келечекке умтулууну, ата-эне менен жакындарыңды аяп, ардактоону үйрөтөт.
Китеп мектеп жашындагы балдар менен өспүрүмдөргө жана өмүрдү баалоону жактырган бардык окурмандарга арналат. Казак тилинен кыргыз тилине Кыялбек Акматов, орус тилинен казак тилине Саят Камчыгер которгон. 

]]>
Tue, 09 Apr 2024 13:50:25 +0600 KITEP.KG
Бай болуунун сырлары https://kitep.kg/en/bay-boluunun-sirlari-6 https://kitep.kg/en/bay-boluunun-sirlari-6

✔ Price: 250

Жашоодогу бардык кыйынчылыктардан жеңил чыгуунун, каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн өзгөчө мотивациялык багыттары камтылган. Муну окугандан кийин сөзсүз өзгөрөсүз.
Жеке каржыны башкаруу принциптерин колдонуу аркылуу кантип ийгиликке жетүү жөнүндө кызыктуу окуялар баяндалган. Бардык ойлогон оюңузду жана каалоолоруңузду ишке ашырууда, эң негизгиси - акча маселесинде ийгиликти багындырууда так сактоочу алтын эрежелер жазылган. Китеп туура жашоону каалаган бардык окурмандарга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 13:43:29 +0600 KITEP.KG
Апам бар кезди сагындым https://kitep.kg/en/apam-bar-kezdi-sagindim-5 https://kitep.kg/en/apam-bar-kezdi-sagindim-5

✔ Price: 200

Апалардын кадырын көтөргөн эң мыкты китеп. Муну окуган ар бир инсандын апасына жана апаларга болгон урматы эбегейсиз бийиктейт. Ырдап да, ыйлап да окуп, адаттагыдан башкача сезимге келтирген бул китеп ар бир адамдын буга чейин же мындан кийин аргасыз башына келүүчү тагдыр буйругун чагылдырып тургандыгы менен өзгөчөлүккө ээ.  Бул китепте жазуучу өз башынан өткөрүп арман кылган, апасынан айрылган азаптуу бир жылды чебер тил, эң мыкты элестер аркылуу жазган. Энеге болгон урматты, камкордукту, ызат-сыйды күчөтөт.
Бул китеп “Айрылуу” деген ат менен 2010- жылы жарык көргөн. Айрым толуктоолор жана окурмандардын, санаалаштардын суранычы боюнча экинчи басылышы 2016 жылы чыгарылган.
Жалпы окурмандарга арналат.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 13:41:17 +0600 KITEP.KG
Карагер сулуу https://kitep.kg/en/karager-suluu-4 https://kitep.kg/en/karager-suluu-4

✔ Price: 250

Англис жазуучусу Анна Сьюэлл абдан кызыктуужазган «Карагер сулуу» деп аталган чыгармасы дүйнөлүк балдар адабиятынын классикасы деп эсептелинет.
Мектеп окуучуларына жана жаштарга, жашоону башкача сонун карагысы келген окурмандарга арналат. Кыргыз тилине которулуп, биринчи жолу жарыкка чыкты.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 13:35:59 +0600 KITEP.KG
Жылдыздар тараган таңдар https://kitep.kg/en/zhildizdar-taragan-taңdar-3 https://kitep.kg/en/zhildizdar-taragan-taңdar-3

✔ Price: 300

Автор жаңы романында оош-кыйыш замандагы оош-кыйыш адамдын тагдырын баяндоо менен коом жана жеке адам, согуш жана тынчтык, ат жана адам сыяктуу карама-каршылыктуу жана гармониялуу көрүнүштөрдү бир каармандын айланасына топтоп, тарыхый узак доордун ар тараптуу картинасын көркөм боёктор менен ачып көрсөтөт. Борбордук орунда Биринчи дүйнөлүк согушта Падышалык Орусиянын аскер чалгынчысы катары таанылган, кийин ак гвардиячылардын катарында Кеңеш өкмөтүнө каршы күрөшкөн, соң кайра Кызыл Армиянын курамында Кара кыргыз атчандар полкун түзгөн, Борбор Азияда бир нече жылкы чарбаларын негиздөөгө катышкан Сулейман Кучуковдун образы турат. Китеп мекенчил сезими күч инсандарга, көркөм адабиятты сүйүп окуган окурмандардын бардык катмарына багышталган.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 13:34:14 +0600 KITEP.KG
My ABC англис тилин оңой жана тез үйрөнүү. https://kitep.kg/en/my-abc-anglis-tilin-oңoy-zhana-tez-үyrөnүү-2 https://kitep.kg/en/my-abc-anglis-tilin-oңoy-zhana-tez-үyrөnүү-2

✔ Price: 390

Китеп - жөнөкөй китеп эмес, алтын кенч! Сизди англис тилинин кенен ааламына оңой жаңа жеңил жетелөөчү жан досуңуз. Ушул укмуштуу дүйнө азыр сиздин колуңузда. Китепте 16 чоң тема камтылып, ар бир темага жараша сөздөр, алардын кыргыз жана орус тилдериндеги котормолору; темага ылайыкташтырылган грамматикалык эрежелер жана тапшырмалар берилген. 17-бөлүм - кайталоо бөлүмү. Бул китеп менен сиз англис тилин өтө оңой жана тез үйрөнө аласыз.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 13:27:10 +0600 KITEP.KG
Урматтуу колдоочум https://kitep.kg/en/urmattuu-koldoochum-1 https://kitep.kg/en/urmattuu-koldoochum-1

✔ Price: 250

Марк Твендин жээни, америкалык жазуучу Жин Вебстердин кат сыяктуу жазылган повести ага дүйнөлүк атак-даңк алып келген. Бул чыгармалардын негизинде Бродвейде коюлган спектакль, ошондой эле ар кайсы жылдарда жаралган кино версиялары, биринчи чыккан кинодо башкы каармандын ролун атактуу киноактриса Мэри Пикфорд ойногону чыгарманын ийгилигин дагы да арттырган.

]]>
Tue, 09 Apr 2024 12:51:28 +0600 KITEP.KG